Ысык-Көл райондук аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу райондун акими Данир Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштерине өкмөт тарабынан 16 млн сом бөлүндү.
"Райондук оорукананын аймагына иштей турган куруучулардын керектөөсүнө пайдалануу үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 2 чатыр орнотулуп берилди", - деп билдирди аким.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн