Ысык-Көлдө "Mercedes-Benz Sprinter" жана "Toyota Ist" унаалары кагылышты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 27-декабрь күнү саат 18:40 чамасында Балыкчы шаарынын Аманбаев көчөсүнөн "Mercedes-Benz Sprinter" жана "Toyota Ist" унаалардын кагылуушусу болгон.
Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткару бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, "Toyota Ist" унаасынын эшигин ачып, 1961-ж.т. Ш.С. аял киши чыгарышкан.
Жабыркагандар катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн