Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө 100 орундуу кийим тигүүчү жаңы фабрика ачылды

18.02.2022 14:01
488
Ысык-Көлдө 100 орундуу кийим тигүүчү жаңы фабрика ачылды


Бүгүн, 17-февраль күнү Түп районунун Ак-Булак айылында 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, "Кумтөр" ишканасынын тыштан башкаруучу директору Тенгиз Бөлтүрүк, Ысык-Көл облустук тигүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Чыныбек Ажыбеков, район жетекчилиги, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты. 


Тигүү фабрикасын "Салкын" ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун жетекчиси Мирбек Кожоевдун демилгеси менен ачты. Каржылоосу, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусу тарабынан 10 миллион сом бөлүнсө, "Салкын" ЖЧКсы 24 миллион 500 миң сом өздүк салым көрсөткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн