Ысык-Көл облусундагы жеке менчик лагердеги жашы жете элек бала сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, окуя 7-августта Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында жайгашкан жайкы лагерде болгон. 3 эс алуучу 2007-жылы туулган эркек баланы үйгө күч менен алып кирип, сексуалдык зомбулук көрсөткөн.
Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен катталды.
Пикирлер (1)