Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:58
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө 150 орундуу облустук оорукананы оңдоо иштери жүрүүдө

14.08.2020 09:24
866
Ысык-Көлдө 150 орундуу облустук оорукананы оңдоо иштери жүрүүдө


Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 50%га аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, азыркы этапта бардык зарыл болгон демонтаждоо иштери аяктады. Учурда, дубалдардын каркастарын жана шыптардын шпаклевкаларын куруу жана шыптардын каркастарын орнотуу боюнча монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле 50%га электр монтаждоо иштери, терезе блокторун орнотуу - 100%га, болт түзмөгү 80%га, инженердик тармактарды - 100%га, ОПС орнотуусу - 80%га аяктады.


Бүгүнкү күнгө объектиге 70% курулуш материалдары түшкөн, ишке тартылган жумушчулардын саны 50 адамды түзөт.


150 орунга эсептелген бул саламаттык сактоо объектисинде COVID-19 диагнозу менен ооруган бейтаптар үчүн реанимациялык бөлүмгө бардык шарттары жакшыртылмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн