Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө 2 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтарылды

05.04.2021 17:11
565
Ысык-Көлдө 2 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтарылды

Ысык-Көлдө 31 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 2 га (жарым арал) аянттагы жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Прокурордук текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан 2 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө С.К. аттуу жеке адамга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.

2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата аппеляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган.

2021-жылдын 2-мартында орун алган мыйзам бузууну 31 млн сомго бааланган жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген.

Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылып, белгиленген тартипте мурунку менчик ээсинин пайдалануу укугу токтотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн