Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында 24 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, учуурда маркумдун өздүгү такталууда. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан алып чыгышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү эрежелерин так сактоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн