Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө 5 миң сом пара алган милиция кызматкери кармалды

Ысык-Көлдө 5 миң сом пара алган милиция кызматкери кармалды

Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин пара талап кылуу фактысы боюнча кармады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери, милициянын сержанты У.Т.З Ысык-Көл облусунун Б.С. аттуу тургунун административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуу жолу менен опузалап 5 миң сом алганы аныкталды.


КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, андан аркы тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн