Ысык-Көл облусунда 50 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенова 11-июнда брифинг учурунда билдирди.
"Өкмөт тарабынан жана жеке жактардан көрсөтүлгөн жардамдарды Балыкчы шаарынан 4 миңден ашык, Каракол шаарынан 10 миңден ашык үй-бүлө ала алышты”, - деди өкүлдүн орун басары Эльмира Усенова.
Мындан тышкары, ал облус боюнча коронавирус илдети боюнча жалпы 25 учур катталганын, обсервацияга 112 жаран жаткырылганын жана 405 үй-бүлө үй карантининде экенин белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн