Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө 8 килограммдан ашык баңгизат алып жүргөн жаран аныкталды

Ысык-Көлдө 8 килограммдан ашык баңгизат алып жүргөн жаран аныкталды

Ысык-Көл облусунун тургунунун үйүнөн 8,2 кг баӊгизат жана курал табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү Ак-Суу районунун1971-жылы туулган Отуз-уулу айылынын тургуну О.М. атту жаранды аныктап, анын жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүшкөн. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда баңги зат, курал-жарак жана октор табылып алынды.


Натыйжада, милиция кызматкерлери, баӊги затына окшош, идишке салынган өсүмдүктү таап алышкан. Андан сырткары, үйүнөн 12- калибрдеги мылтык жана 20 даана ок да табылган.


Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган өсүмдүк, кургатылган марихуана баӊги затына кирери жана жалпы салмагы таза 8 кг 200 грамм экендиги аныкталды. Ал эми алынган курал ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болду. Бул боюнча, соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.


Аталган факт, учурда Ысык-Көл ОИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө кызматы тарабынан, шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешестиги бар, же жогу текшерилүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн