Ысык-Көлдө Россиянын 29 жаштагы жараны жоголду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 16-июль күнү Ак-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө (К.А.В.) аттуу РФнын жараны арыз менен кайрылган 15-июль күнү үй-бүлөсү (5 киши) Каракол-Алакөл жайлосундагы көпүрөдөн өтүшүп, отун тергени кетишкен, кызы (К.В.А 1992 ж.т) көпүрөнүн берки бетинде калып дайынсыз жоголуп кетти деп билдирген.
Учурда Ак-Суу районунун 12 куткаруучу, Каракол шаарынан 5 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу жана ИИМ 15 кызматкер менен биргеликте издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн