Ысык-Көлдө Теплоключенка айылында 1000 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
20-сентябрь күнү, ӨКМге саат 17:25 чамасында Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын Комсомольский көчөсүндө жайгашкан турак үйдн короосунда, чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы болүмүнөн бир бөлүмчө тартылып, саат 19:58де чектөөгө алып 23:55 де толугу өчүргөн.
Жалпысынан 1000 түк чөп жана 1 тонна жем толугу менен күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби, электр зымдарынын кыска чыналуусунан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн