Кулжа 15, 2025
Убакыт: 00:32
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Ысык-Көлдө ТүркПАнын пленардык жыйыны башталды

24.06.2022 12:22
875
Ысык-Көлдө ТүркПАнын пленардык жыйыны башталды


Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму башталды.

ТюркПАнын пленардык жыйынынын ишине ТүркПАга кирген өлкөлөрдүн - Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азрбейжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын парламенттик делегациялары катышууда.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Жыйындын жыйынтыгы менен Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн