Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 14:33:40
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Ысык-Көлдө ак куулардын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө, - министрлик

Ысык-Көлдө ак куулардын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө, - министрлик


Ысык-Көлдө ак куулардын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге экологдор жана Ветеринардык кызматтын өкүлдөрү барып, өлгөн канаттуулардын ткандарынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгү алышкан.


"Кээ бир ак куулардын өлүгүнөн кайырмактын сыныктары, тордун кылдары табылды. Бул алардын браконьерлердин курмандыгы болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бирок адистер ак куулардын өлүмүнүн башка мүмкүн болгон себептерин да изилдеп жатышат", — деп айтылат маалыматта.


Орнитолог Сейитказы Сагынбаев ак куулар өсүмдүктөрдүн тамыры жана балыр менен азыктанарын, аны көлдүн тайыз жеринен табышарын белгиледи.


"Адамдар жээкке жакын барганда канаттуулар коркуп, суунун терең жагына кетип, ал жактан азык таба албай калышат. Узак жол жүрүп келгенден кийин алсырап, ачкадан өлүп калуусу мүмкүн", — деген Сагынбаев.


Ошондой эле ал ак кууларды колдо багууга мүмкүн эместигин, аларга тоскоол болбош керектигин кошумчалады.


Эскерте кетсек, буга чейин "Көлдө ак куулар ачкадан өлүп жатат" деген маалымат тараган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн