Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө аккумулятор уурдаган 18 жаштагы 4 бала кармалды

14.02.2022 10:13
486
Ысык-Көлдө аккумулятор уурдаган 18 жаштагы 4 бала кармалды

Балыкчы шаарында уурулукка шектелип 4 жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2022-жылындын 22-январында Балыкчы ШИИБне 1966-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну У.М. арыз менен кайрылган. Арызында ал 21-январдан 22-январга караган түнү, үйүнүн алдында токтоп турган “КамАЗ” автоунаасынан 2 даана аккумуляторун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген.


Февраль айында ушундай эле уурдоо жөнүндө дагы Балыкчы шаарынын үч тургунунан арыз келип түшкөн.


Аталган фактылар шаардык милициянын КБРне катталып, уурдоо фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.


Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 2003-жылы туулган Балыкчы шаарынын 4 тургуну - Ж.Э. Т.М., М.Б., К.Э. аныкталып кармалган.


Жогоруда фактылар боюнча кармалган жарандар Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн