Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:33
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ысык-Көлдө баңгизат даярдоо жана сатуу менен алектенгендер кармалды

16.04.2024 15:43
125
Ысык-Көлдө баңгизат даярдоо жана сатуу менен алектенгендер кармалды


Ысык-Көл облусунда баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында узак убакыт жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топко карата масштабдуу атайын операция өткөрүлгөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаркынбай айылынын тургуну 1967-жылы туулган Т.А.Э аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда кармалган жарандын үйүнөн 6 гр гашиш баңгизаты табылып алынган, ал өз көрсөтмөсүндө “Сергей” аттуу адамдан алгандыгын айткан.

Ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдө ал адам 1956-жылы туулган ушул эле айылдын тургуну М. С. М. экендиги такталып, кечиктирилгис тинтүү жүргүзүүдө анын үйүнөн жалпы салмагы 4 кг 530 гр баңгизаты алынган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн