Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ысык-Көлдө бир жумада 50 километрден ашык тор алынды

29.08.2022 13:29
406
Ысык-Көлдө бир жумада 50 километрден ашык тор алынды



Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана балык запастарын коргоону күчөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы аткаруу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык,  иштин негизги милдеттеринин бири Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо болуп саналат. Бул үчүн милиция кызматкерлери менен экологдордон турган биргелешкен топ түзүлүп, алар атайын суу моторлуу кайыктар жана сууда коопсуздук техникасы менен жабдылган. Көл жээгинде биргелешкен топтордун кызматкерлери үчүн лагерь уюштурулуп, аларга ысык тамак берилип, үзгүлтүксүз иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн.


Түзүлгөн биргелешкен топтор 20-августтан 27-августка чейин Түп, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун айрым аймактарында браконьерлик торлорду тазалоо иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында, өткөн жумада көлдөн жалпы узундугу 51 миң 400 метр болгон 514 даана браконьерлик торлору чыгарылды. 


Иштин жүрүшүндө сууда жүрүүчү моторлуу кайыктардын ээлери да аныкталып, алар менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, балыктарды жана суу жаныбарларынын башка түрлөрүн мыйзамсыз кармагандар үчүн мыйзам чегинде кандай жоопкерчиликтер каралгандыгы жеткирилүүдө.

Кыргыз Республикасынын көлдөрүндө коммерциялык, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелерин сактоо жөнүндө ышкыбоз балыкчылар менен да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле коопсуздук чаралары жана көлдөгү жүрүм-турум тууралуу маалымат берилди. Ысык-Көлдүн жээгинде браконьерликке каршы күрөшүү үчүн күнү-түнү иштеген милиция посттору орнотулду.


Бул иш-чара Пристань-Каракол айылчасынан баштап, Балыкчы шаарына чейинки көлдүн бардык акваториясында өтүп, Ысык-Көлдөгү браконьерлердин акыркы торлору тазаланганга чейин жүргүзүлмөкчү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн