Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө чөгүп бара жаткан 14 жаштагы баланы милиция куткарып калды

29.07.2021 14:18
484
Ысык-Көлдө чөгүп бара жаткан 14 жаштагы баланы милиция куткарып калды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көлгө чөгүп жаткан жаранды милиция кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 28-июль күнү Каракол-Пристань шаарчасындагы көл жээгинде коомдук тартипти сактоо боюнча кызматкерлер кызмат өтөп жаткан.


Ошол мезгилде эс алып жатышкан 14 жаштагы өспүрүм теңтуштары менен көлдүн кичинекей аймагын сүзүп өтүүнү чечишкен. Бир нече жолу чабак уруп, жээктен бир аз алыстаганда эле чөгө баштаган. Анын карындашы элди жардамга чакыра баштаган. Милиция кызматкери, көлдүн жээгинде чогулган адамдар көрүп, адамдын өмүрүн сактап калууга аракет көрүшкөн. Алар баланы көл жээгине алып чыгышып, биринчи жардамды көрсөтүшкөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн