Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин уулуна кол салуу болду

Ысык-Көлдө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин уулуна кол салуу болду


Сары-Ой айылында экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин уулуна кол салуу болду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып ​​билдирди.


Министрлер кабинетинин мурдагы жетекчисинин уулу учтуу нерсе менен жарадар болгону айтылууда.


«Милиция кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалып, иш Ысык-Көл райондук сотуна өткөрүлүп берилди», - деп билдиришти редакциядан.


Ведомстводон билдиришкендей, милицияга Бишкек шаарынын тургуну 39 жаштагы Э.Н. арыз менен кайрылган.


«9-июль күнү саат 03:40 чамасында "Чайка" эс алуу үйүндө белгисиз бирөө аны сабап, анын досу 38 жаштагы О.К оң бутуна учтуу нерсе менен жарадар кылганын көрсөткөн. Жабырлануучулардын экөө тең аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Чолпон-Ата шаарынын мурда соттолгон тургуну 28 жаштагы Ы. Б. кармалган», - деп билдиришти башкармалыктан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн