Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө эне жана баланы өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

03.02.2021 10:00
934
Ысык-Көлдө эне жана баланы өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн жана областтык ички иштер

башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан

2021-жылдын 1-февраль күнү саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун 

Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде  54 жаштагы И.Ж. менен анын уулу  29

жаштагы Ы.К.ны өлтүрүп кеткен кылмышка шектүү жаран 26 жаштагы Ж.А.

Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Учурда аны Ысык-Көл райондук ички иштер

бөлүмүнө  алып кетишти.


Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү

реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси боюнча

катталып, сотко чейинки башталган.


Азыркы учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана областтык милиция

кызматкерлери тарабынан  сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү

экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн