Баш оона 22, 2025
Убакыт: 06:16
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Ысык-Көлдө иштеп жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо үчүн рейд өттү (сүрөт)

24.07.2020 12:07
1216
Ысык-Көлдө иштеп жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо үчүн рейд өттү (сүрөт)


Чолпон-Ата шаарында “Өспүрүм түн” аталышындагы 3 күндүк рейд жүрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жана шаардын тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрү 50гө жакын коомдук жайларды текшерүүгө алышкан. Анын жүрүшүндө өспүрүмдөр тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана түнкү мезгилде жакындарынын коштоосу жок жүргөнү каралган.


Үч күндүк рейд учурунда Чолпон-Ата шаарында 7 өспүрүм түнкү мезгилде жалгыз жүргөндүгү аныкталган. Бардык аныкталган балдар ата-энелеринин колдоруна өткөрүлүп берилип, алар менен түшүндүрүү иштери өткөрүлгөн. Ошондой эле рейд учурунда беткапсыз жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн