Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдө изделип жаткан 11 жаштагы блогер Бишкектен табылды

28.09.2023 17:49
845
Ысык-Көлдө изделип жаткан 11 жаштагы блогер Бишкектен табылды


Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 11 жаштагы Бекболот Турдушев Бишкектен табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Буга чейин баланын атасы милицияга кайрылган. Ал Бекболот 25-сентябрда болжол менен саат 15:00дө Караколдогу достору менен жолугуу үчүн Түптөн чыгып кеткендигин жана ошондон бери байланышка чыкпай жатканын билдирген.


Бүгүн тергөөчүлөр борбордо мектеп окуучусун табышты. Көрсө, ал достору менен ошол эле күнү Бишкекке жөнөп, алар менен бирге болгон. Баланын ден соолугуна коркунуч жок. Милиция окуянын себептерин жана жагдайларын тактап жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн