Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ысык-Көлдө кароосуз калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет, - президент

29.08.2023 10:06
484
Ысык-Көлдө кароосуз калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет, - президент


Ысык-Көлдө мамлекеттик мекемелердин кароосуз калган 15 пансионаты бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Президенттин айтымында, ушул пансионаттар 49 жылга ижарага берилет.

Ысык-Көлдүн айлана тегерегинде бүгүнкү күндө ушундай 15 пансионат бар. Мамлекеттики же мамлекеттик мекемелердики.

Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. "Инвестиция салам, мен алам" деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте салган инвестициянарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. "Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар" деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Эмне деген иштерди жасап жатканыбызга күбө болуп атасыңар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Баарын эсептеп чыктык. Ошондуктан салбайбыз.

Кимде-кимди кызыктырган болсо Мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылсаңыздар болот. Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер салынышы керек. Акчаң болсо эки жылда кычыраган пансионат кылсаң болот. 49 жылга алдым деп 5-10 жыл эч нерсе салбай басып жата берген жарабайт. Субарендага уруксат жок. Калган маалыматтарды Мамлекеттик мүлк фондусунан аласыздар", - деп жазды президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн