Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ысык-Көлдө казино ачуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

21.04.2021 13:00
944
Ысык-Көлдө казино ачуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты


Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана  оюн-зоок комплекси, казино  куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырылды.


Сунушталган мыйзам долбооруна  91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы добуш берди.


Мыйзам долбоору 6-апрелде Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте жактырылган.


Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.


Мыйзам долбоорун мурдагы төрага Дастан Жумабеков жана депутат Бактыбек Турусбеков демилгелеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн