Теке 28, 2025
Убакыт: 03:01
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам аялын аёосуз сабап салган

16.05.2022 10:22
874
Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам аялын аёосуз сабап салган

Ысык-Көлдө 28 жаштагы жаран аялын аёосуз токмоктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 14-майда Каракол ШИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан 1984-жылы туулган У.А. аттуу жаран денесинен алган жаракаты менен ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.


Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда аялды 1993-жылы туулган Р.У. аттуу күйөөсү сабаганы маалым болгон. Жабырлануучунун айтымында, 14-май күнү саат 00:30 чамасында үйдүн короосунда күйөөсү кызганычтан улам сабап салган. Келтирилген ден соолуктун оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоо ордери берилген. Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду.


Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн