Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө мектептин курулушунан 3,2 млн сом ыйгарып алган подрядчылар аныкталды

04.02.2022 11:42
884
Ысык-Көлдө мектептин курулушунан 3,2 млн сом ыйгарып алган подрядчылар аныкталды

Мектептин курулушунан подрядчылар 3 млн 224 миң 493 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы У.Калиев атындагы 225 орундуу орто мектептин имаратын куруу иштери боюнча областтык капиталдык курулуш башкармалыгы менен “А.С.” жана “Т.К.” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда 62 млн 296 миң 778 сомго подряд келишими түзүлүп, мектептин имараты 2018-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилген. 


Бирок, Ысык-Көл областтык прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары подрядчылар менен алдын-ала макулдашып, аткарылган иштердин актыларына айрым жумуштардын наркын жогорулатылган баада жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишип, 3 млн 224 миң 493 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталды.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилен мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”), жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн