Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери эки өспүрүмдү куткарып калышты

21.07.2022 16:18
473
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери эки өспүрүмдү куткарып калышты


Ысык-Көлдүн эс алуу жайларында милиция кызматкерлери сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери Эдин Каныбек уулу кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы кызды көрүп, аны куткарып калган. Көл жээгинде ойноп жатып сууга чөгүп кеткен кызды ата-энеси байкабай калган.

Ошондой эле “Лазурный берег” пансионатында эс алып жаткан балдардын бирөөсү сууга буту тырышып, сууга чөгүп, жардам сурап кыйкырганын көл жээгинде кызмат өтөп жүрүшкөн ИИМдин атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери Адыл Алымбек уулу жана Сыймык Бактыбек уулу көрүп, баланы куткарып калышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн