Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жаракат алган тоо текени сактап калышты

25.10.2023 16:55
305
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жаракат алган тоо текени сактап калышты


Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жаракат алган тоо текени аман алып калышканын Ысык-Көл ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, жаракат алган тоо текени туристтик-экологиялык милиционерлер убагында таап, медициналык жардам көрсөтүү үчүн дароо чара көрүшкөн.


"Тоо эчкисине медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, калыбына келтирилгенден соң "Германия жаратылышты коргоо союзу (NABU)" коомдук бирикмесине өткөрүп берилди. Бул окуя электрондук журналга катталып, браконьерлерди аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүүдө", — деп жазылат кабарда.


Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жарандарды жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоо мыйзамдарын сактоого чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн