Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө мыйзамсыз түрдө карагай кескендер аныкталды

10.02.2022 08:58
345
Ысык-Көлдө мыйзамсыз түрдө карагай кескендер аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз кыйылган алты Тянь-Шань карагайы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка лайык, үстүбүздөгү жылдын 9-февралына караган түнү милицияга Каракол шаарында жайгашкан пилорамага Mercedes Sprinter жүк ташуучу автоунаасына Тянь-Шань карагайларын жүктөлгөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.


Ысык-Көл облустук милициясынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан бул маалыматты текшерүү учурунда пилораманын короосунан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жоккыйылган 6 даана Тянь-Шань карагайлары табылган.


Териштирүүлөрдүн жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу унаанын айдоочусу, карагайлардын ээси 1994-жылы туулган Ак-Суу районунун Пионер айылынын тургуну Э.Р., экендиги аныкталган.


Учурда бул факт боюнча материалдар Каракол ШИИБдин тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди. Далил катары карагайлар алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн