Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ысык-Көлдө мурда соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

27.08.2020 15:40
1128
Ысык-Көлдө мурда соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын  кызматкерлери тарабынан укукка каршы аракеттерди жасоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат.


ИИМдин Тергөө кызматына 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттерди жасаган чала тааныш адамга карата мыйзамдын чегинде чараларды көрүп берүүнү суранган. Тергөөнүн маалыматы боюнча ушул жылдын август айынын башында Каракол шаарынан белгисиз адам жабырлануучунун баасы 58 000 сом турган “Айфон” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуу менен тартып алган. 


Аталган факты КЖБРге катталып, тоноо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул фактыны мындан ары иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тартылган. 


Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагына иш сапарга чыгышып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.  


Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Каракол шаарында жашап келген мурда  соттолгон А.А. аттуу жаран кармалды. Аланган маалыматтар боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам  каттоосунда турат. 


Соттун чечими менен шектүү жаран камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн