Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө сейфтен ири суммадагы акчаны уурдаган жаран чек арадан кармалды

04.08.2022 10:57
600
Ысык-Көлдө сейфтен ири суммадагы акчаны уурдаган жаран чек арадан кармалды

Ысык-Көлдө агроаптеканын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акчаны уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 18-июль күнү милицияга агроаптеканын кеңсесинде орнотулган сейфтен 260 миң сом акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Милиция кызматкерлери жерине барганда кылмышкерлер агроаптеканын короосуна кошуна үйлөрдүн чатыры аркылуу түшүп, имараттын кире бериш эшигин талкалап, видеокөзөмөл камераларын өчүрүшкөнүн аныкташкан. Андан соң ачкычтарды алып, сейфти ачышып, 260 миң сом акча каражатын ээлеп алышкандан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.


Тергөөнүн жүрүшүндө ыкчам кызматкерлердин көңүлүн Каракол шаарында убактылуу жашаган, мурда аталган кеңседе иштеп кеткен 37 жаштагы Б.А. аттуу жаран бурган.


Коңшуларынын көрсөтмөсү боюнча, ал жакында эле ижарага алган батиринен көчүп кеткен, бирок кайда кеткенин билишкен эмес. Көчүп кеткен күнүн текшергенде агроаптекадагы уурулук болгон күнгө дал келген.


Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан облустун жана республиканын коңшулаш ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жиберилип, ошондой эле Чек ара кызматына кабар берилип, кароол карточкасы коюлган. "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арадан өтүүдө, чек арачылар агроаптеканын кеңсесинен ири суммадагы акчаны уурдаган шектүү жаранды кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда. Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн