Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 11:24
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан өспүрүм кыз куткарылды

29.07.2022 12:14
543
Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан өспүрүм кыз куткарылды


Кечээ, 28-июлда Ысык-Көлдөгү "Алия" мейманканасынын алдында көлгө 16 жаштагы Э.А. аттуу кыз чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ошол учурда “Алия” эс алуу жайынын тушундагы жээкте суучул-куткаруучулар бир нече күн мурун чөгүп кеткен төрт жашар кызды издеп жатышкан.

Издөө ишинде жүрүшкөн үч куткаруучу жана эки суучул көлгө чөгүп жаткан өспүрүм кызды байкап калып, аны суудан аман-эсен алып чыгышкан. Кыз тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн