Кулжа 02, 2024
Убакыт: 02:32
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө төрөттөн каза болгон 18 жаштагы келиндин өлүмү министрдин көзөмөлүндө

08.08.2021 06:59
1131
Ысык-Көлдө төрөттөн каза болгон 18 жаштагы келиндин өлүмү министрдин көзөмөлүндө

 Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдө төрөт учурунда каза болгон аялдын ишин кароону жеке козөмөлүнө алды.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2003-жылы туулган У.Сулайманованын өлүмүнүн бардык материалдары жеринде изилденген. Ведомство башчысы аталган фактыга тийиштиги бар бардык саламаттык сактоо тутумунун жетекчилери жана кызматкерлерин уккан.


Министр ведомствого караштуу мекемелердин жетекчилеринен милдеттерин сапаттуу аткаруусун талап кылды. Эненин өлүмүнө алдын алуу боюнча бардык чараларды өз убагында кабыл алуунун зарылдыгын өзгөчө белгилеп, социалдык өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгына У.Сулайманованын жаңы төрөлгөн кызын камкордукка документтерин тариздөө боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.


Ошондой эле Бейшеналиев иликтөөнүн жыйынтыгында чара көрүлөрүн белгиледи.


Эскерте кетсек, 2-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөт үйүндө 18 жаштагы аял каза болгон. Туугандары анын өлүмүнө дарыгерлерди айыпташууда. Адистердин маалыматы боюнча, каза болгон аялдын ден соолугунда көйгөйлөр болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн