Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө уруксат кагазы жок колдонулган мылтыктар аныкталды

18.05.2022 12:23
491
Ысык-Көлдө уруксат кагазы жок колдонулган мылтыктар аныкталды



Жайкы туристтик мезгили жакындагандан улам, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологоялык милициясынын кызматкерлери тоолу аймактардагы туристтик каттамдарды кылдаттык менен текшерип, чет элдик туристердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тийиштүү иш чараларды турмушка ашырып келишүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Ушундай иш чаранын жүрүшүндө, аталган кызматтын кызматкерлери, “Илбирс” коомдук фондунун өкүлү менен биргеликте Ак-Суу районунун сырт өрөөнүндөгү “Эчкили-Таш” жайкы конушун текшерген учурда, аталган аймакта убактылуу жайгашкан, ушул эле районуна караштуу Чолпон айылынын 1982 ж.т. А.К. атуу жарандын боз үйүнөн бир даана 28-калибрдеги бир оозду сайсыз ок атуучу курал табылып, далил зат катары алынган. 


Ошондой эле, Ак-Суу районунун тоо өрөнүндөгү “Миң-Тур” жайкы конушунда убактылуу жайгашкан, Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай аыйлынын 40 жашгтагы И.Ш. атуу жарандын боз үйүнөн 1 даана 16 калибрдеги бир оозду ок атуучу курал табылып, далил зат катары алынган. 


Текшерүү жүргүзгөндө, алынган ок атуучу куралдардын тийиштүү уруксат кагаздары жок болуп аныкталган. 


Аталган фактылар Ак-Суу РИИБдин маалымат электорондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн