Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:17
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ысык-Көлдө жаңы чечимдер кабыл алынды. Ал туристтик сезонго таасирин тийгизеби?

07.07.2020 11:04
2637
Ысык-Көлдө жаңы чечимдер кабыл алынды. Ал туристтик сезонго таасирин тийгизеби?


6-июлда Ысык-Көл райондук ыкчам штабдын мүчѳлѳрү жана райондун аймагындагы эс алуу жайларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, отурумда туристтик мезгил учурундагы иштөө тартиби талкуланган.

 

Кабыл алынган жаңы чечимдер:

- Ар бир эс алуу жайы бардык санитардык талаптарды аткаруу менен иш жүргүзүп, обсервациялык орундарды даярдаш керек;

- Облустук ѳнүктүрүү фондуна өпкөнү жасалма дем алдыруучу жана башка дем алдыруучу аппараттарды алып берүү боюнча кайрылуу жасоо;

- Райондогу санаториялардын дарыгерлерин, медицина кызматкерлерин кырдаал кооптуу болуп кетсе жалпы жумуштарга тартуу;

- Эс алуу жайларынын жетекчилери мүмкүнчүлүккѳ жараша жардам берип, бирге иш жүргүзүү;

- Балыкчы шаарындагы “Ак-Кеме” постунун ишин күчѳтүү, республика, облус ичинде элдин жүрүүсүнѳ чектѳѳ киргизүү жагын облустук штабга сунуштоо. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн