Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезонго карата вирусту аныктаган лаборатория уюштуруулуда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-июндагы брифингде билдирди.
"Чолпон-Ата шаарында өзүнчө вирусологиялык лаборатория уюштурулду. Алдыда туристик сезон келе жатат, мындан улам Маданият маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте мейманканалар, пансионаттар кандай тартипте иштей турганын жана эс алуучулар кандай эрежелерди сактоосу керектигин иштеп чыктык. Ал эми вирусологиялык лаборатория күнү-түнү иштейт”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн