Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкеси кайтарылды

01.04.2022 16:04
435
Ысык-Көлдө жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкеси кайтарылды

Ысык-Көл облусунун прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен социалдык объекттерди жана жер тилкелерди мамлекетке кайтаруу багытында иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Тон райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2005-жылы аталган районго караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Дөң-Талаа айылындагы бала бакчанын имараты короо жайы менен бирге ошол эле айылдын К.С. аттуу тургунуна мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.


Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.


Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 3 млн 670 миң сомдук бала бакчынын имараты, короо жайы менен бирге мамлекетке кайтарылды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн