Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештин депутаты өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип кармалды

06.06.2023 15:02
724
Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештин депутаты өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип кармалды


Ысык-Көл облусунда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды.


Ысык-Көл облусунун ИИБнын тергөө кызматы билдиргендей, 30-майда райондук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын улук опер кызматкери рапорт менен РИИБдин тергөө кызматына кайрылган. Ал өз баяндамасында социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты инвестордун ишмердүүлүгүнө кийлигишип, андан ири суммадагы акча талап кыла тургандыгы тууралуу маалымат пайда болгонун көрсөткөн.


Бул маалымат Ысык-Көл РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында маалыматта пайда болгон адамдын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилди. Көп өтпөй милиция кызматкерлери өздүгүн такташып, ал Чолпон-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты А.У. болгон.


Андан аркы иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шаардык кеңештин депутаты А.У. 2015-жылы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы менен шаардын жээк бөлүгүндө жайгашкан жалпы пайдалануудагы жер тилкесин беш жылдык мөөнөткө пляж аянтын уюштурууга ижарага берүү боюнча келишим түзгөн. 


Ижара мөөнөтү аяктагандан кийин ал ижара мөөнөтүн узартуу боюнча кайрадан Чолпон-Ата шаарынын мэриясына кайрылган. Бирок шаардын мэриясы аны узартуудан баш тарткан. Буга байланыштуу шаардык кеңештин депутаты А.У. мөөнөттү узартуу үчүн Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө аталган жер тилкеси камакка алынганы белгилүү болгон. Учурда териштирүүлөр уланууда.


2022-жылы инвестор Чолпон-Ата шаарынын мэриясына беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Мэрия тарабынан шаардык депутат менен Чолпо-Ата шаарынын мэриясынын ортосунда жер тилкеси боюнча соттук иштер жүрүп жаткан жердин жанынан жер бөлүнүп берилет.


Мейманкананы куруу үчүн инвесторго кошумча жер тилкеси керек болуп, кошуна жер тилкеси боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканынан кабары жок эле А.У.га кайрылып, ал инвесторго соттук териштирүү боюнча жалган маалымат берип, А.У. ал бул участокто курулуш иштерин жүргүзгөндүгү үчүн инвесторго бул чыгымдардын ордун толтурууну сунуштаган.


Жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаты А.У. инвестордон 12 миң доллар өлчөмүндө накталай акча алган.


Белгиленген жагдайларга байланыштуу кылмыш иши РИИБнин тергөө кызматы тарабынан өндүрүшкө алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен (Опузалап талап кылуу) 209-беренесине (Алдамчылык) кайра классификацияланган.


Алсак, 5-июнь күнү Ысык-Көл облусунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Камакта кармоонун негиздери) негизинде алдамчылыкка шектелип, Чолпон-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты А.У., кармалып, Каракол ШИИБдин 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн