Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун өз билемдик менен бир нече бакты кыйган

01.02.2022 11:49
315
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун өз билемдик менен бир нече бакты кыйган

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Балыкчы-Каракол унаа жолунун боюндагы бак-дарактарды өз билемдик менен кыйган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


"30-январь күнү болжол менен саат 16:30 чамасында аталган кызматтын кайгуул экипажынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын 43 жаштагы тургуну Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарынын ортосунан, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун боюнан 8 даана бак-даракты кыйып жаткандыгын аныкташкан. Текшерүү учурунда жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине бак-дарактарды кыюуга уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.


Аталган факты Жети-Өгүз РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталып, тийиштүү иш кагаздары тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн