Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:15
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан ок-дарылардын арсеналы табылды

20.12.2023 11:08
938
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан ок-дарылардын арсеналы табылды


Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан ок-дарылардын арсеналы табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалымататка ылайык, ноябрь айынын орто ченинде Ак-Суу РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине жергиликтүү тургундардын бири өз үйүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүндө, Ак-Суу РИИБдин ЭММКАК ыкчам кызматкерлери маалыматта көрсөтүлгөн адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы Д.Т. аттуу тургуну болуп чыкты жана анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 2 даана "ТОЗ-8" үлгүсүндөгү ок атуучу куралдары, 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги октор, 1 даана бычак, 1 окуу гранатасы жана баштыка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүк алынган. Алдын ала таразага тартуу учурунда алынган кургатылган өсүмдүктүн салмагы 1 кг 250 граммды түздү.

Соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн