Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө жол кырсыктан 2 адам мерт кетип, жетөө жабыркады

18.08.2020 09:29
1004
Ысык-Көлдө жол кырсыктан 2 адам мерт кетип, жетөө  жабыркады


Ысык-Көл облусунда жеңил унаалар кагышып, жол кырсыгынан 2 адам мерт кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 16-августта саат 3:35 чамасында Балыкчы–Ананьево–Каракол жолунун 33-чакырымында “Фольксваген Гольф” жана “Фольксваген Пассат” унаалары кагышып алган. Кырсыктын кесепетинен “Фольксваген Гольф” унаасынын 23 жаштагы жүргүнчүсү жана "Фольксваген Пассат” унаасынын 37 жаштагы айдоочусу каза болгон.


Ал эми гольфтун 24 жаштагы айдоочусу менен 25 жаштагы жүргунчүсү жаракат алган. “Фольксваген Пассат” унаасында бара жаткан Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну О.У., анын 34 жаштагы жубайы Б.Ж. жана алардын 12, 14 жаштагы эки кызы жаракат алган. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну жабыркаган. Алардын баары Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген.


Окуя боюнча Жазык кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн