«Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолундагы Кубакы ашуусунун Тоң районуна караган тилкесинде KG 081 ASV номерлүү «Мерседес-Бенс-Спринтер» жүргүнчү ташыган унаасы менен 04 KG 974 ADG номерлүү «МАН» жүк ташыган унаасы кагылышып, 5 адам каза таап, 10 адам жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн