Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы унаа жолдорунда селден кийин тазалоо иштери жүргүзүлүп, каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл районунун Григорьевка – Көл – Кашка-Суу жана Корумду – Кум-Бел унаа жолдорунда каттам убактылуу жабык, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Учурда №7, №33 Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан тазалоо иштери уланып жатат.
Белгилей кетсек, күн мурун аталган аймакта катуу жааган жаандын кесепетинен кээ бир жолдордо каттам чектелген болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн