Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ысык-Көлдөн Бишкекке баңгизат алып келип саткан жарандар кармалды

Ысык-Көлдөн Бишкекке баңгизат алып келип саткан жарандар кармалды

Чүй ОИИББнын Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарындагы баңгизатын даярдоочу нарко-лаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  


     Маалыматка караганда,   2023-жылдын 26-мартында Чүй ОИИББнын БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жаңы автобекетинин жанынан 1963-жылы туулган О.М. аттуу жаран кармалып, колунда көтөрүп жүргөн коробканын ичиндеги 2 (эки) литрлик айнек банкадагы өрүктүн вареньесинин ичинен, айнек бөтөлкөгө салынган кочкул жашыл түстөгү кара-куурайдын жыты бар жалпы салмагы 67 граммды түзгөн гашиш баңги заты табылып алынган.


 Аталган факт Аламүдүн РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

        2023-жылдын 26-мартында 1963-жылы туулган О.М. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


 Кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, О.М. аттуу шектүү, андан табылып алынган баңги затты Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну А.А. аттуу жарандан алгандыгын билдирген.

    2023-жылдын 27-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй ОИИББнын БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан, Чүй облусу боюнча атайын операция отрядынын оперкызматкер-жоокерлери жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын кинология борборунун кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын, тургуну 1984-жылы туулган И.А. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда, анын коросунда жайгашкан ашкананын ичинен атайын баңгизатын жасоочу ишкана табылып (лаборатория) жалпы салмагы 12 килограмм 450 (он эки киллограмм беш жүз) граммды түзгөн марихуана баңги заты жана Пристан шаарчасынын тургуну 1983-жылы туулган А.А. аттуу жарандын үйүн тинтүү жүргүзүү учурунда короодо жайгашкан очок канасынын үстүнөн желим баштыкка салынган жалпы салмагы 350 (үч жүз элүү) граммды түзгөн марихуана баңги заты табылып алынган.

       

   2023-жылдын 28-мартында кармалган: 1984-жылы туулган И.А. жана 1983-жылы туулган А.А. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

           Тергөө иштери уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн