Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

"Шефинин" унаасын айдап качкан жигит кырсыкка кабылды. Окуянын чоо-жайы

07.09.2020 15:56
1113
"Шефинин" унаасын айдап качкан жигит кырсыкка кабылды. Окуянын чоо-жайы


ИИМдин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга байланышкан кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 19-август күнү Бишкек шаарынын Фучика көчөсүндө жол кырсык катталган. Анда “ВАЗ 2105” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын башкара албай, бетон бордюрга сүзүлгөн. Жол кырсыктын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кеткен. Аталган окуяны териштирүүнүн жүрүшүндө ал “ВАЗ 2105”  үлгүсүндөгү унааны Ысык-Көл облусунан айдап качып кеткендиги аныкталган. Издөөдө экендиги тууралуу багыттама дагы алынган. 


Белгилүү болгондой, унаа 19-август күнү бир нече саат мурда Жети-Өгүз районунан айдап качып кеткен. Унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылып, бул факты каттоого алынып, Жети-Өгүз РИИБ Жазык кодексинин 206-беренесинин (Автомототранспорт каражатын айдап качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 


"Тергөөнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун жашоочусунун унаасын айдап качкан күнү дагы мал багуучусу жоголуп кеткени маалым болгон. Анын өздүгүн тактоого дагы мүмкүн болгон эмес. Анткени фермер "Ош" базарындагы радиотүйүн аркылуу жумуш бериле тургандыгы жөнүндө жарыясынан кийин келгенине үч күн болгон. 


Ыкчам  иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнүн изине түшкөнгө мүмкүн болуп, ал Чүй облусунун 18 жаштагы жошоочусу А.Н. экендиги аныкталган. Ал мурда соттолгон жана жашы жете электер үчүн абагында жазасын өтөгөн.


Жогорудагы жаран жумуш берүүчүсүнө өзүн башка ат менен тааныштырып, фермердин мүлкүн ээлеп алууну башынан эле көздөп жүргөнү белгилүү болгон. Жумушка орношконуна үч күн толгондо эле ээсинин автоунаасын уурдап айдап качып кетүүгө үлгүргөн. Ошондой эле, уюлдук телефон дагы урдоого шектелүүдө. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы териштирилүүдө", - деп айтылат маалыматта.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн