Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдүн аймактарында кароосуз калган имараттар оорукана болуп реконструкцияланат

03.08.2020 18:33
861
Ысык-Көлдүн аймактарында кароосуз калган имараттар оорукана болуп реконструкцияланат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү шартында Ысык-Көл облусундагы медициналык объектилердин абалы менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын имаратын көрүп чыкты, оорукананын жамааты менен баарлашты.

Бүгүнкү күндө бул жерде коронавирус инфекциясы жана ооруканадан тыш пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 245 койко-орун уюштурулган.

Мындан сырткары, облустук оорукананын карамагында капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болгон эки имарат бар. Алардын базасында кошумча 175 койко-орунду уюштурууга мүмкүнчүлүк бар. Бул максаттар үчүн 20 миллиондой сом талап кылынган.

Сооронбай Жээнбеков өкмөткө заманбап оорукана кылып реконструкциялоо жана профилин өзгөртүү боюнча аймактардагы кароосуз калган имараттарга ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын эске салды.

Бул багытта иш башталган. Бул оорукананын имараты дагы күз-кыш мезгилине чейин азыркы талаптар боюнча оңдолуп-түзөлүп жана профили кайра өзгөртүлө турган объектилердин тизмесине кирет.

Мамлекет башчысы дары-дармектер менен камсыздоо маселесине кызыкты, дарыгерлер мурда дарылар үзгүлтүк менен алып келингенин, бирок азыр препараттарды алып келүү жолго коюлганын айтып беришти.

Медициналык персонал менен баарлашууда президент Сооронбай Жээнбеков өлкө үчүн кыйын болуп турган мезгилде алардын талыкпаган эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.

Ал дарыгерлерди социалдык коргоо боюнча бардык маселе көзөмөлдө экенине ишендирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн