Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ысык-Көлдун суусу 15 метрге жакын тартылды

19.01.2022 11:06
1670
Ысык-Көлдун суусу 15 метрге жакын тартылды

Чолпон-Ата шаарынын 70 жаштагы тургуну Татьяна Самсонова быйыл Ысык-Көлдүн суусу башка жылдарга салыштырмалуу бир топ тартылганын билдирди.

«Бир жылы тартылып, кайра толуп турган Ысык-Көл быйыл абдан көп аралыкка тартылып кеткенин байкадым. Бул суунун аздыгынан улам деп ойлойм», - деди ал.

Чолпон-Ата шаарынын тургуну Мирлан Осмоналиевдин айтымында, дайыма көрүп турган көлдүн жээги абдан эле алыстап кеткенин байкаган. Ал былтыр жай мезгилинде бул жерге келгенде, көл толуп турган. Болжол менен көл 15 метрге жакын тартылып, жээкте көлчүктөр пайда болгон.

Шаар тургундары Ысык-Көлдүн тартылышы кургакчылык жана суунун аздыгы менен байланыштуу экенин айтышууда.

Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн