Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-июль күнү Чок-Тал айылында көлгө 1995-жылы туулган жаран чөгүп кеткен. 20-июль күнү издөө иш-чараларынын натыйжасында куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми маркумду Бишкек шаарында жерге берерин “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.
“Бишкектен Ысык-Көлгө эс алганы барган экен. Кантип чөгүп кеткени белгисиз, себеби ал сууда сүзгөндү билчүү экен. Анын сөөгү борбор калаага алынып келинип. Бул жакта жерге берилет”, - деди булак.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн