Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө 20-күнү токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат.
"ӨКМдин куткаруучулары жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери беш аймакта эртең мененки саат 05:00дөн 21:0021:00-22:00гө чейин жүргүзүлдү. Суучулдар 20 метр тереңдикке киришти, көп сандаган куткаруу топтору тартылды. Алар көлдүн үстүндө, астында жана жээгинде издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болбоду", - дешти ведомстводон.
Министрликтен кыздын үй-бүлөсү куткаруучулары жок жапайы пляжда эс алгандыгын, муну менен коопсуздук эрежелерин бузгандыгын кошумчалашты. Андан тышкары, ал күнү аба ырайы начар болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн