Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлгө эс алууга канча медик жиберилет? Министрликтин жообу

22.07.2020 14:01
1373
Ысык-Көлгө эс алууга канча медик жиберилет? Министрликтин жообу


Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көлгө эс алууга 1 миңден ашык медициналык кызматкерди жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин өкүлү Айгүл Бообекова 22-июлда «Ала-Тоо 24» түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, медиктерге колдоо көрсөткөн эпидемиологиялык фонд бар. 


"Биз медиктерди колдоого алып, алардын ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлгө жиберүүгө аракет кылып жатабыз. Кечээ 10 медикти жөнөтсөк, бүгүн 32 адамды жибердик. Жалпысынан 1 миңден ашык медициналык кызматкерди жөнөтүүнү пландап жатабыз. Алардын ичинен Бишкектен 400 дарыгер бармакчы", - деди А.Бообекова.


Ал ошондой эле, өлкөнүн түштүгүндө иштеген медиктерди дагы Ысык-Көлгө эс алууга жиберүү пландалып жатканын кошумчалады. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн